Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ
02.08.2024 № 9
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кесек айылынын Кесек жана Кесек 2 көчөсүнүн узундугу 1065 метр болгон жолго асфальт төшөө жөнүндө
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кесек айылынын Кесек жана Кесек 2 көчөсүнүн узундугу 1065 метр болгон жолго асфальт төшөө жөнүндө Кесек айылынын тургундарынын арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы токтом кылат:
1.Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кесек айылынын Кесек жана Кесек-2 көчөсүнүн узундугу 1065 метр болгон жерге асфальт төшөө үчүн Ош облусунун өнүктүрүү фондунан сатып алуу жагы суралсын.
2. Араван районунун мамлекеттик администрациясынан жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнөн бул долбоорду ишке ашыруу жагы суралсын жана айыл өкмөтү тарабынан жетпей калган сумманы толуктоо үчүн кошумча каражат ажыратылсын.
3. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңешинин финансы, бюджет, экономика боюнча туруктуу камиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | З.Кудайбердиев |