Редакцияот 02.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Достук айылдык Кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы

ТОКТОМ

 

02.08.2024 № 11                                                            

Пахта-Дөбө айылы

 

Достук айыл өкмөтүнүн Ачы айылына караштуу Шор-Булак участкасындагы №715, 716, 718, 719, 720, 721, 722 контурунда жайгашкан 9 га таштуу жайыт жер тилкесин Мазар жер тилкеси категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 

Достук айыл өкмөтүнүн Ачы айылына караштуу Шор-Булак участкасындагы №715, 716, 718, 719, 720, 721, 722 контурунда жайгашкан 9 га таштуу жайыт жер тилкесин Мазар жер тилкеси категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын жазган арызы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү №169 токтому жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө №123 мыйзамынын 34-беренесинин негизинде

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Достук айыл өкмөтүнүн Ачы айылына караштуу Шор-Булак участкасындагы №715, 716, 718, 719, 720, 721, 722 контурунда жайгашкан 9 га таштуу жайыт жер тилкесин Мазар жер тилкеси категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн Араван районунун мамлекеттик администрациясына жана Райондук комиссияга сунушталсын.

 

2. Достук айыл өкмөтү тарабынан Араван райондук мамлекеттик администрациясынын комиссиясына, Достук айыл өкмөтүнүн Ачы айылына караштуу Шор-Булак участкасындагы №715, 716, 718, 719, 720, 721, 722 контурунда жайгашкан 9 га таштуу жайыт жер тилкесин Мазар жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү №169 токтомунун талаптарына ылайык тийиштүү документтерди алып баруусу милдеттендирилсин жана максаттуу багытта пайдалансын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Достук айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

Тѳрага

З.Кудайбердиев