Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ
02.08.2024 № 13
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнүн Жаны-Араван айылындагы №1274 контурунда жайгашкан 0,20 сотых таштуу жайыт жер тилкесине асыл тукум мал чарбасын өстүрүүгө ферма курууга жер тилкесин максаттуу багытына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнүн Жаны-Араван айылындагы №1274 контурунда жайгашкан 0,20 сотых таштуу жайыт жер тилкесине асыл тукум мал чарбасын өстүрүүгө, ферма курууга жер тилкесин максаттуу багытына которуу (трансформациялоо) үчүн Достук айыл өкмөтүнүн тургуну Муратов Бексултандын жазган арызы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү №169 токтому жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө №123 мыйзамынын 34-беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл өкмөтүнүн Жаны-Араван айылындагы №1274 контурунда жайгашкан 0,20 сотых таштуу жайыт жер тилкесине асыл тукум мал чарбасын өстүрүүгө, ферма курууга жер тилкесин максаттуу багытына которуу (трансформациялоо) үчүн Араван районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн Райондук комиссияга сунушталсын.
2. Достук айыл өкмөтүнүн тургуну Муратов Бексултан Араван райондук мамлекеттик администрациясынын комиссиясына, Жаны-Араван айылындагы №1274 контурунда жайгашкан 0,20 сотых таштуу жайыт жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19- мартындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү №169 токтомунун негизинде тийиштүү документтерди алып баруусу милдеттендирилсин жана максаттуу багытта пайдалансын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Достук айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Тѳрага | З.Кудайбердиев |