Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ
02.08.2024 № 15
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мобилдик компаниялардын базалык станцияларынын ижара акысын бекитип берүү жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнүн Финансылык-экономикалык маселелери боюнча башкы адис М.Умаровтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Достук айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө №123 мыйзамынын 34-беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Достук айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан бардык Мобилдик компаниялардын базалык станцияларынын ижара акысы ай сайын 10 000 (он миң) сомдон кем эмес өлчөмдө бекитип берилсин.
2. Достук айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан бардык Мобилдик компаниялар менен келишим түзүп өз мөөнөтүндө жыйноо жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага | З.Кудайбердиев |