ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 27-сессиясы
2024-жылдын 28-марты № 2
«Папан айыл өкмөтү» мекемесин кайра каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29 декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Папан айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Папан айыл өкмөтү” мекемесинин Папан айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесине фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
- Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “ Папан айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси;
- Расмий тилде: Учреждение “Айыл окмот Папан айылного аймака”. Айыл өкмөтүнүн кыскартылган фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилинде: “Папан айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси;
расмий тилде: У-е “Айыл окмот Папан” айылного аймака”
2. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин Жобосу бекитилсин.
3. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району,Папан айылы,Папан айыл аймагынын айыл өкмөтү, М.Абдурасулов к,7 болуп аныкталсын.
4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ош юстиция башкармалыгынан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы: Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Тагдырбек Токтосуновичке жүктөлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: |
| Т.Тагаев |