Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ
02.08.2024 № 17
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнө караштуу А.Хошимов көчөсүнүн тургуну Авазханов Шаробиддин Пайзилидиновичтин 2024-жылдын 1-август айындагы, өзүнүн жеке менчик болгон, турак жай жер тилкеси багытындагы 400,0 чарчы метр жер тилкесинин багытын коммерциялык дүкөн багытына өзгөртүү менен жазган арызын карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнө караштуу А.Хошимов көчөсүнүн тургуну Авазханов Шаробиддин Пайзилидиновичтин 2024-жылдын 1-август айындагы, өзүнүн жеке менчик болгон, турак жай жер тилкеси багытындагы 400,0 чарчы метр жер тилкесинин багытын коммерциялык дүкөн багытына өзгөртүү менен жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айыл өкмөтүнө караштуу А.Хошимов көчөсүнүн тургуну Авазханов Шаробиддин Пайзилидиновичтин 2024-жылдын 1-август айындагы, өзүнүн жеке менчик болгон, турак жай жер тилкеси багытындагы 400,0 чарчы метр жер тилкесинин багытын коммерциялык дүкөн багытына өзгөртүү менен жазган арызы канаттандырылсын.
2. Достук айыл өкмөтүнө караштуу А.Хошимов көчөсүнүн тургуну Авазханов Шаробиддин Пайзилидиновичтин 2024-жылдын 1-август айындагы, өзүнүн жеке менчик болгон, турак жай жер тилкеси багытындагы 400,0 чарчы метр жер тилкесинин багытын коммерциялык дүкөн багытына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
3.Авазханов Шаробидин айыл өкмөтүнө өзүнүн жеке менчик болгон жеңил типтеги кичи базар багытындагы жер тилкесине тийиштүү болгон документтерин алып келсин жана көрсөтүлгөн багытта тура пайдалансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | З.Кудайбердиев |