Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ
02.08.2024 № 18
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу А.Хошимов көчөсүнүн тургуну Сайибжанов Талибжондын 2024-жылдын 14-майындагы, өзүнүн жеке менчик болгон турак жай багытындагы 712,74 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 60,0 чарчы жер тилкесинини багытын коммерциялык дүкөн багыты кылып өзгөртүү менен жазган арызын карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу А.Хошимов көчөсүнүн тургуну Сайибжанов Талибжондын 2024-жылдын 14-майындагы, өзүнүн жеке менчик болгон турак жай багытындагы 712,74 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 60,0 чарчы жер тилкесинини багытын коммерциялык дүкөн багыты кылып өзгөртүү менен жазган арызын таанышып чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу А.Хошимов көчөсүнүн тургуну Сайибжанов Талибжондын 2024-жылдын 14-майындагы, өзүнүн жеке менчик болгон турак жай багытындагы 712,74 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 60,0 чарчы жер тилкесинини багытын коммерциялык дүкөн багыты кылып өзгөртүү жана тийиштүү документтерин даярдоо жагы Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография кызматынын Араван филиалына сунушталсын.
2. Сайибжанов Талибжон айыл өкмөтүнө өзүнүн жеке менчик болгон турак жай багытындагы жер тилкесине тийиштүү болгон документтерин алып келсин жана көрсөтүлгөн багытта тура пайдалансын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Токтосуновго жүктөлсүн.
Тѳрага | З.Кудайбердиев |