Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ
02.08.2024 № 19
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Араван-Сай дарыясынын жээгинде жайгашкан соода түйүндөр, ашканалар ж.б буздурулган курулуштардын ээлерине Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан 0,31 га муниципалдык менчиктеги (мурдагы “Шахноза” базары) жер тилкесинин ичинен убактылуу келишимдин негизинде ижарага берүү жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Араван-Сай дарыясынын жээгинде жайгашкан соода түйүндөр, ашканалар ж.б буздурулган курулуштардын ээлерине Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан 0,31 га муниципалдык менчиктеги (мурдагы “Шахноза” базары) жер тилкесинин ичинен убактылуу келишимдин негизинде ижарага берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренеси, 25-беренеси жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө №123 мыйзамынын 34-беренесинин негизинде токтом кылат:
1.Достук айыл өкмөтүнө караштуу Араван-Сай дарыясынын жээгинде жайгашкан соода түйүндөр, ашканалар ж.б буздурулган курулуштардын ээлерине Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан 0,31 га муниципалдык менчиктеги (мурдагы “Шахноза” базары) жер тилкесинин ичинен убактылуу 1 жылга келишимдин негизинде 16ч/м ден жер аянты ижарага берилсин.
2.Достук айыл өкмөтүнө караштуу Араван-Сай дарыясынын жээгинде жайгашкан соода түйүндөр, ашканалар ж.б буздурулган курулуштардын ээлерине Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан 0,31 га муниципалдык менчиктеги (мурдагы “Шахноза” базары) жер тилкесинин ичинен убактылуу келишимдин негизинде ижарага берүүдө Архитектуралык тийиштүү иш кагаздары алынсын жана келишимде көрсөтүлгөн багытта пайдалансын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Достук айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Тѳрага | З.Кудайбердиев |