ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы
2024-жылдын 05-апрели № 2
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Кожо-Келен айылындагы
Ак-Терек , Папан, Кожо-Келен жолунун 72-чакырымынан 74-чакырымына чейин асфальт төшөө үчүн Ош облустук
региондорду өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашыруу жөнүндө.
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтү Кожо-Келен айылындагы ДЭУ-21 муниципалдык ишканасына караган Ак-Терек, Папан, Кожо-Келен жолунун 72-чакырымынан 74-чакырымына чейин Ош облустук региондорду өнүктүрүү фондунан асфальт төшөө үчүн Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтү Кожо-Келен айылындагы ДЭУ-21 муниципалдык ишканасына караган Ак-Терек, Папан, Кожо-Келен жолунун 72- чакырымынан 74-чакырымына чейинки автоунаа жолуна, Ош облустукрегиондорду өнүктүрүү фонду тарабынан асфальт төшөөгө 2 чакырым жолго 20 740 667 (жыйрма миллион жети жүз кырк миң алты жүз алтымыш жети ) сомдук асфальт төшөөгө Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет жана архитектура боюнча Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Т.Тагаев |