ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы
2024-жылдын 05-апрели № 4
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылында жайгашкан жабык спорт аянтчасынын курулушун бүтүрүү максатында Ош облустук региондорду өнүктүрүү фондуна долбоор жазуу жөнүндө.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 05.04.2024-жылдыгы чыгыш №01- 19/327 сандуу катын карап,Кызыл-Туу айылындагы жабык спорт аянтчасынын курулушун бүтүрүү максатында, Ош облустук региондорду өнүктүрүү фондуна долбоор жазып, курулушту бүтүрүү максатында Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылдындагы жабык спорт аянтчасынын курулушун Ош облустук региондорду өнүктүрүү фонду тарабынан бүтүрүү максатында 2 507 834 (эки миллион беш жүз жети миң сегиз жүз отуз төрт) сомдук долбоор жазууга Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан макулдукберилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновко милдеттендирилсин.
Бул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет жана архитектура боюнча Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн..
Төрага: |
| Т.Тагаев |