Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы

 

2024-жылдын 05-апрели № 5

 

Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо участкасындагы кайрак айдоо жерден, турак жай курууга 58,8 га жерди калктуу конушка трансформациялоо жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын министирлер кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин 2024-жылдын 29.03 № 07-8/2189 -катын жана Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы    №01- 19/327 сандуу катын карап, Папан айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-майындагы VII чакырылышынын XII сессиясынын №VIII токтомуна өзгөртүү киргизүү үчүн Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин негизинде Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Таш-Короо участкасынын №182, №197- контурларында жайгашкан 58,8 (элүү сегиз бүтүн ондон сегиз) га кайрак айдоо жер аянтына Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жарандарын турак жай менен камсыз кылуу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жарандарын жер участоктор менен камсыз кылуу боюнча программасы жана Шифр 50/2020 башкы планда Таш-Короо участкасындагы №182-197-контурундагы башкы долбоору бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет жана архитектура боюнча Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн..

 

 

Төрага:

 

Т.Тагаев