ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы
2024-жылдын 05-апрели № 9
Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген, Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн алдындагы администрациялык аймактык түзүлүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомостволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-августундагы №488, Кыргыз Респуликасынын Министрлер кобинетинин 2021-жылдын 29-декабрдагы №535 токтомдорунун редакцияларына ылайык, Папан айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесиндеги Камыр-Суу айылындагы ички көчөлөрүндөгү 2-көчөсүнө 26-үйдөн 66-үйгө чейин маркум Надир Сопунун ысымын берүүгө макулдук берилсин жана айыл жашоочуларынын протоколу бекитилсин.
2. Камыр-Суу айылындагы ички көчөлөрүндөгү 2-көчөсүндөгү 26-үйдөн 66-үйгө чейин маркум Надир Сопунун үй-бүлөө мүчөлөрүнө ушул көчөнүн ар кандай социалдык маселелерин(жол тегиздөө, жарыктык орнотуу,электр мамычаларын орнотуу,ж.б) чечүүгө түздөн түз катышуу зарылчылыгы жеткирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновго милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Т.Тагаев |