Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 29-сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 1
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн административдик чек ара
схемалык картасын бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Папан айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына жана Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: |
| Т.Тагаев |