Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясынын
ТОКТОМУ
15.01.2025 № 1
Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагынын 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
Жекенди айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагынын 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 41143,3мин сомго, бюджеттин чыгаша бөлүгү 39998,1 мин сомго аткарылгандыгы жактырылсын.
2. Жекенди айылдык аймагынын 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүкөрүнүн аткарылгандыгын бекитүү жана жактыруу менен бирге айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун доклады канааттандырарлык деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Мурзапар уулу Н. |