Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 30-сессиясы
2024-жылдын 08-майы № 2
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Камыр-Суу айылындагы
№619-контурда жайгашкан 0,55 га жер тилкесине Логистикалык борбор куруу үчүн мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 8-майдагы чыгыш №01-19/392 сандуу катын карап Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин негизинде Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Камыр-Суу айылындагы №619-контурундагы жайгашкан 0,55 га жер тилкесине Логистикалык борбор куруу үчүн мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Папан айыл өкмөтүнүн Камыр-Суу айылындагы №619-контурундагы жайгашкан 0,55 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине ылайык Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан чечим чыгарып берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомду аткарылышын камсыз кылуу Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновко милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Т.Тагаев |