Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясынын
ТОКТОМУ
15.01.2025 № 2
Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагынын 2025-жылга жергиликтүү бюджети жана 2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө
Жекенди айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагынын 2025-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 28836,4 (Жыйырма сегиз миллион сегиз жүз отуз алты миң төрт жүз) сом суммасында жана чыгашалар боюнча 28836,4 (Жыйырма сегиз миллион сегиз жүз отуз алты миң төрт жүз) сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жекенди айылдык аймагынын 2026-2027-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй жактырылсын:
1) 2026-жылга кирешелер боюнча болжол – 29847,2 (Жыйырма тогуз миллион сегиз жүз кырк жети миң эки жүз) сом суммасында, 2026-жылга - 29847,2 (Жыйырма тогуз миллион сегиз жүз кырк жети миң эки жүз) сом суммасында;
2) 2027-жылга чыгымдар боюнча болжол – 31110,4 (Отуз бир миллион бир жүз он миң төрт жүз) сом суммасында, 2027-жылга – 31110,4 (Отуз бир миллион бир жүз он миң төрт жүз) сом суммасында;
3. Жекенди айылдык аймагынын жайыт комитетинин пландоо бюджети 349,0 (үч жүз кырк тогуз миң) сомго бекитилсин, шарттуу малдын саны 4653 бирдик, жайыт пайдалануу үчүн төлөм 75 сомго жактырылсын.
4. Корголгон беренелер (эмгек акы, Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектерди жана тамак-аш азыктарын сатып алуу) чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
5. Жекенди айыл өкмөтүнүн аппаратына 18 штаттык бирдик каралсын, анын ичинен 6 кызматкер контрактын негизинде, техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 2 штат. Жекенди айылдык кенешинин катчысы 1 штат. Клубга 3 штаттык бирдик каралсын, анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 1 штат. Китепканаларга 7 штаттык бирдик каралсын, анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 3 штат.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго жүктөлсүн.7. Ушул Токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2025-жылдын 17-январынан тартып күчүнө кирет.
Тѳрага | Мурзапар уулу Н. |