Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясынын
ТОКТОМУ
15.01.2025 № 6
Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагында өз ара салыгын көтөрүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун 20.12.2024-жылдагы Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер Кодексинин 74-75-76- беренелерине ылайык Жекенди айыл аймагындагы калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгуу үчүн өз ара (таштанды) салыгын бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап
Жекенди айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу айылдардагы таштанды салыгы 2025-жыл үчүн физикалык жактарга 80 (сексен) сомдон, ал эми юридикалык жактарга 100 (жүз) сом болуп бекитилсин.
2.Таштанды салыгын физикалык жана юридикалык жактарга 2025-жылдын 1-майына чейин, отчетун берүү жана төлөмүн жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төлөөлөрү белгиленсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода, байланыш, инвестиция, энергетика, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Амирбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Мурзапар уулу Н. |