Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясынын
ТОКТОМУ
15.01.2025 №
Кара-Мык айылы
Кара-Мык айылындагы авариялык абалда турган клубду жана кызматтык үйдүн имаратын бузуу жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы клубдун жана Кара-Мык МЧББУ на караштуу кызматтык үйдүн имаратын бузуу маселесин карап жана талкуулап Жекенди айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Мык айылындагы клубдун имараты авариялык абалда болгондугуна байланыштуу жана Кара-Мык МЧББУ на жаңы кошумча корпус куруу максатында эскилиги жеткен кызматтык үйдүн имаратын бузууга уруксат берилсин.
2. Эски имараттарды бузган мезгилде комиссия курулуш материалдарын эсептеп чыккан (БУ) материалдарды айыл өкмөтүнүн балансасындагы социалдык обьектилерге иштетүүгө берилсин.
3.Жер аянтына тийиштүү болгон документтерди бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго жана жер ресустары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси А.Маматовго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Тѳрага | Мурзапар уулу Н. |