Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясынын
ТОКТОМУ
15.01.2025 № 10
Кара-Мык айылы
Айылдык Кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарын жетекчилике алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 01-25/330 “Жергиликтүү кеңештердин типтуу регламентин бекитүү жөнүндө” буйругунун негизинде талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин иш регламенти жаңы редакцияда бекитилсин.
2. Айылдык кеңештин иши бекитилген регламентке ылайык жүргүзүлөт.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Тѳрага | Мурзапар уулу Н. |