Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясынын
ТОКТОМУ
15.01.2025 № 11
Кара-Мык айылы
Айылдык Кеңештин Типтүү иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 01-25/329 “Жергиликтүү кеңештердин, туруктуу комиссияларынын Типтүү иш планын жана Усулдук колдонмосу жөнүндө” буйругунун негизинде Жекенди айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин Типтүү иш планы жаңы редакцияда бекитилсин.
2. Типтүү иш планга ылайк, сессияларды өз мөөнөтүндө өткөрүү жагы Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына жана кеңештин төрагасынын орун басары К. Жунусалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Тѳрага | Мурзапар уулу Н. |