Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясынын
ТОКТОМУ
29.01.2025 № 12
Кара-Мык айылы
Жекенди айыл аймагына караштуу Жалгыз-Күңгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун Жалгыз-Күңгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Жалгыз-Күнгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Тѳрага | Мурзапар уулу Н. |