Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясынын
ТОКТОМУ
29.01.2025 № 13
Кара-Мык айылы
Жекенди айыл аймагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө киргенге чейин кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери менен бекитилген жарандардын жер участокторунун аянттарын өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө
Жекенди айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Жобонун 18-пунктуна ылайык, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 30-майындагы № 01-12/49 токтому менен “Калктуу конуштун жерлери категориясына” которулган Жекенди айыл аймагындагы 2004-жылы системалык каттоодон өтүп калган жарандардын жер участокторунун аянттары өзгөртүүсүз калтырылсын.
2.Тийиштүү юридикалык документтерди даярдоо жагы райондук жер комиссиясынан, кадастр мекемесинен жана райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомду аткаруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Тѳрага | Мурзапар уулу Н. |