Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма алтынчы сессиясынын
ТОКТОМУ
21.06.2024 № 27
Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагынын 2023-2027-жылдарга карата жарандарды турак-жай курууга жер участоктору менен камсыздоо боюнча Программасын бекитүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылдык аймагынын 2023-2027-жылдарга карата жарандарды турак-жай курууга жер участоктору менен камсыз кылуу максатында түзүлгөн Программасын бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айылдык аймагынын 2023-2027-жылдарга карата жарандарды турак-жай курууга жер участоктору менен камсыз кылуу максатында түзүлгөн Программасы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2.Бекитилген Программаны аткаруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаев жана жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси А.Маматовго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Жекенди айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Халилов Сагынбекке жүктөлсүн.
Тѳрага | С.Халилов
|