Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма алтынчы сессиясынын
ТОКТОМУ
21.06.2024 № 28
Кара-Мык айылы
Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Кара-Мык айылындагы Шоро участкасында 0,20 га жайыт эсебиндеги жер аянтыны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Шоро участкасында жайыт эсебиндеги 0,20 га жер аянтын “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Эшовго тапшырылсын.
Тѳрага | С.Халилов |