Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма алтынчы сессиясынын
ТОКТОМУ
21.06.2024 № 29
Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Айдаке участкасына Билайн мобилдик байланышынын антенасын орнотууга уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Кара-Мык айылындагы Айдаке участкасына Билайн мобилдик байланышынын антенасын орнотууга уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Айдаке участкасына Билайн мобилдик байланышынын антенасын орнотууга уруксат берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Эшовго тапшырылсын.
Тѳрага | С.Халилов |