Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-апрели №26
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтү менен келишим менен иштеп жатышкан кызматкерлердин эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик алминистрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн келишим менен иштеп жатышкан кызматкерлердин эмгек акысы ар бир айга 25000 (жыйырма беш миң) сомдон жергиликтүү бюджеттен каралып бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу коммиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Б.М.Калмурзаева |