Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-апрели №29
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Салам-Алик айылынын тургуну Асилбеков Болоттун жашап жаткан үйүнө токтом чыгарып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик алминистрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Салам-Алик айылынын тургуну Асилбеков Болоттун жашап жаткан үйүнө токтом чыгарып берүү жөнүндө жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Салам-Алик айылынын тургуну Асилбеков Болоттун жашап жаткан турак жайы үчүн айыл өкмөтү тарабынан токтом чыгарып берүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү ишкагаздарын даярдап берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси Н.Сулаймановко тапшырылсын..
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Б.М.Калмурзаева |