Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-июлу №39
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылындагы Кудук участкасындагы жолдун астынан көмүр сактоочу жайга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 90-жана 92-беренелерин жетекчиликке алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылындагы Кудук участкасындагы жолдун астынан көмүр сактоочу жайга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө “ОсОО” Эшмурат Ата ишканасынын жетекчиси Жеңишбек уулу Кыялбектин Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымына жазган арызынын негизинде 2024-жылдын 15-июлундагы жазган арызын карап, талкуулап Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “ОсОО” Эшмурат Ата көмүр ишканасына Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кудук участкасындагы жолдун астынан жеңил конструкциядагы курулуш курууга жана көмүр сактоочу жай үчүн убактылуу 1,0 (бир) га жер аянтын келишимдин негизинде бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жогорудагылардын негизинде Кудук участкасынын 1(бир) га жер аянтына көмүр сактоочу жерге уруксат берүү менен бирге төмөнкү шарттарды аткарууну милдеттендирет:
1.Долбоордун (проекттин) негизинде экологиялык, суу жана жаратылыш коопсуздугун сактоо менен иш жүргүзүлсүн.
2.Уруксат берилген жер аянтына тиешелүү кызматтардан корутунду алып, иш алынып барылсын.
3.Жер салыктарын өз убагында төлөө, келишимдин негизинде соц.пакеттерди жана башка төлөмдөрдү төлөп туруу милдеттендирилсин.
4.Иштерди жүргүзүү убагында тиешелүү техникалык жана экологиялык эрежелери так сакталсын.
5.Айыл аймагында өтүлүүчү коомдук иштерге активдүү катышуу жана көмөк көрсөтүү иштерин алып баруу жүктөлсүн.
2. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу, турак жай, комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
3.Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Б.М.Калмурзаева |