Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-июлу №40
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтундөгү Салам-Алик таза суу муниципалдык ишканасы өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын берген маалыматына ылайык жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтундөгү Салам-Алик таза суу муниципалдык ишканасы өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотууга макулдук берилсин.
2.Салам-Алик таза суу ишканасынын ишмердүүлүгун токтотуудагы иш чаралардын аткарылышын аткаруу жагы Салам-Алик таза суу ишкананын жетекчиси Чыпаев Сыргабайга жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин социалдык тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрайым | Б.М.Калмурзаева |