Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-июлу №41
Кызыл-Байрак айылынын тургуну Эгембердиев Алмазбектин жеке менчик турак жай участкасынын максаттык багытын өзгөртүп, мечит куруу үчүн 0,08га жер аянтына макулдук берүү
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кызыл-Байрак айылынын тургуну Эгембердиев Алмазбек Маматжановичтин жеке менчик турак- жай участкасынын максаттык багытын өзгөртүп, мечит куруу үчүн 0,08га жер аянтына макулдук берүүгө 2024-жылдын 12-апрелиндеги жазган арызын карап жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кызыл-Байрак айылынын тургуну Эгембердиев Алмазбекке “Кадастр” мамлекеттик мекемеси тарабынан берилген жеке турак жай багытындагы идент. коду № 5-06-09-1001-0315 сандуу номериндеги турак-жай үйүнүн 800м.кв. жер аянтына мечит куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Суралсын Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы.
3.Бул токтомдон келип чыккан иш аракеттердин аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча боюнча башкы адиси Н.Сулаймановко тапшырылсын.
4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Б.М.Калмурзаева |