Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-июлу №42
Бала бакчалар үчүн ата-энелерден ата-энелик салымын 2024-жылдын август айынан тартып тарифтик суммасын бекитүү жөнүндө
Бала бакчалар үчүн ата-энелерден ата-энелик салымын 2024-жылдын август айынан тартып тарифтик суммасын бекитүү жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Нуралиевтин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Салам-Алик аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бала бакчалардын тамак ашына каржылануучу акча каражаты токтолгондугуна байланыштуу ата-энелерден алынуучу балдардын салымы 1200 (бир миң эки жүз) сомго ата энелердин макулдугу менен бекитилсин.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл амагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Б.М.Калмурзаева |