Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-июлу №43
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Алиман Ажы Эне” атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси жаңы ачылгандыгы үчүн керектелүүчү инвентарь алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Алиман Ажы Эне” атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси жаңы ачылгандыгы үчүн инвентар алууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Бнүн башчысы Ж.Нуралиевтин маалыматын угуп, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Алиман Ажы Эне” атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси жаңы ачылгандыгы үчүн инвентар алууга жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Акча каражатын бөлүп берүү жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Бнүн башчысына тапшырылсын.
3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Б.М.Калмурзаева |