Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-июлу №46
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында обьектилерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби боюнча тандалып алынган бизнес өнөктөштөргө ижарага берүү жөнүндө
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында «Муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругу менен бекитилген “Муниципалдык менчикти пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобосуна” ылайык Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча «Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» жобосу аткарууга алынсын.
2. Салам-Алик айылдык кеңештин 2024-жыл 24-июлдагы № 48-токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» жобонун 8-главасына ылайык, “CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун милдеттерин аткаруунун алкагында, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыкадыров Сүйүнтбек ушул токтомго ылайык, муниципалдык мүлктү тандалып алынган Бизнес-өнөктөштөр Рысбаев Чынарбек Осмоновичке “Карчабек айылында сүт жана кымыз топтоп сатуучу ишкана куруу жана жабдууларын сатып алуу” жана Кожобаев Мирбек Апыевичке “Салам-Алик айылындагы мөмө-жемиш кургатуучу цехти куруу жана жабдууларын сатып алуу” экономикалык ири долбоорун ишке ашыруу үчүн ижарага берсин.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыкадыров Сүйүйүнтбек белгиленген тартипте муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө Келишим түзсүн жана мүлктү кабыл алуу актынын негизинде өткөрүп берсин.
4. Бизнес-өнөктөштөр Рысбаев Чынарбек жана Кожобаев Мирбек
– өткөрүп берүү-кабыл алуу актында көрсөтүлгөндөрдү белгиленген тартипте ижарага кабыл алсын;
– ижарага алынган мүлктүн максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын;
-Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинде кабыл алуу-өткөрүп берүү актында көрсөтүлгөн имаратты, курулманы жана кыймылдуу мүлктү ижарага алуу келишимин белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Б.М.Калмурзаева |