Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-июлу №47
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн №62 Ак-Терек орто жалпы билим берүүчү мектебине Саитов Исраилдин ысымын ыйгаруу жөнүндо
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, №62-Ак-Терек орто жалпы билим берүүчү мектебинин пед кеңешмесинин 2024-жылдын 15-январындагы №3 протоколунун жана Ак-Терек айылынын жалпы элдик чогулушунун 2024-жылдын 2-февралындагы № 1-протоколуна ылайык Ак-Терек айылынын айыл башчысы Кыпчакбаев Төрөбектин маалыматын угуп , Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1Ак-Терек айылындагы №62 Ак-Терек жалпы билим берүүчү мектебине Ак-Терек айылынын атуулу, маркум Саитов Исраилдин ысымы ыйгарылып, “№62 Саитов Исраил атындагы орто жалпы билим берүүчү мектеп” деп атоого макулдук берилсин.
2.Токтомду аткарууга алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Б.М.Калмурзаева |