Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-июлу №48
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун негизинде Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнөн 2024-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинен өткөн калдык акча каражаттарын Салам- Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошуп кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-1017-беренелерине жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүүгүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетине киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун негизинде Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнөн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен өткөн 2177,3 (эки миллион бир жүз жетимиш жети миң үч жүз) сомго атайын каражат эсебинен 672,0 сом киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошулуп бекитилсин.
2.Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаты ем жергиликтүү бюджеттин эсебинен 300,0 (үч жүз миң) сом өтүү менен жергиликтүү бюджетине өткөрүлүп алынсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Б.М.Калмурзаева |