Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-июлу №49
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Карчабек айылынын жалпы элдик жыйындын протоколунун негизинде Карчабек айылындагы жаңы курулуп жаткан мектепке Кушубаков Таалайбектин ысмын ыйгаруу жөнүндо
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Карчабек айылынын жалпы элдик жыйындын 2024-жылдын 6-июлдагы № 1-протоколуна ылайык Карчабек айылынын айыл башчысы Мурзакматов Эсенбектин маалыматын угуп, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Карчабек айылындагы жаңы курулуп жаткан жалпы билим берүүчү мектебине Карчабек айылынын тургуну Кушубаков Таалайбектин ысымы ыйгарылып, “Кушубаков Таалайбек атындагы орто жалпы билим берүүчү мектеп” деп атоого макулдук берилсин.
2.Токтомду аткарууга алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Б.М.Калмурзаева |