Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-июлу №52
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджетине киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план киргизүү жана атайын каражат эсебине кошумча план кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрунө кошумча план киргизүү жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде иштетүү үчүн Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11 мартындагы №137 токтомуна ылайык дыйкан фермерлерди айыл чарба жерлеринин пайдалануу үчүн жер салыгынан бошотулгандыгына байланыштуу, мамлекет тарабынан жергиликтүү бюджетти толуктоо максатында юридикалык жер салыгынан 108,8(бир жүз сегиз миң сегиз жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин соц зашита бөлүкчөсүнүн 2721 статьясына ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Б.М.Калмурзаева |