Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма тогузунчу сессиясынын
ТОКТОМУ
28.06.2024 №30
Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагына караштуу айылдардын Башкы планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агентигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Жекенди айылдык аймагындагы Жекенди, Чулук, Шибээ, Кара-Мык жана Кара-Тейит айылдарынын Башкы пландарынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагындагы Жекенди, Чулук, Шибээ, Кара-Мык жана Кара-Тейит айылдарынын Башкы пландарынын долбоору алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Эшовго тапшырылсын.
Тѳрага | С.Халилов |