Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Памир-Алай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы

 

2024-жылдын 20-февралы  №1-2

Бириктирилген Памир-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24-Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52-Токтомун жетекчиликке алуу менен бириктирилген Памир-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын ылайык «Памир-Алай», «Памир-Алай» айыл аймактары бириккендигин, катышкан 30 депутаттардын 20 добушуна ээ болгондугун белгилеп, бириктирилген Памир-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп Койчуман уулу Ноорузбек шайланды деп эсептелинсин.

2.Бириктирилген Памир-Алай айыл аймагынын айылдык кенешинин депуnаттарынын төрагасынын орун басары болуп Жээнбай уулу Мамыр 20 добуш менен шайлангандыгы белгиленсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Төрага

 Н.Койчуман уулу