Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма тогузунчу сессиясынын
ТОКТОМУ
28.06.2024 №31
Кара-Мык айылы
Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформциялоого) уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнун башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылдык аймагындагы 230 га жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан сугат айдоо жерлери категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагындагы 2003 контурундагы 141,53 га жайыт, 2004 контурундагы 79,35 га жайыт, 2005 контурундагы 7,57 га жол, 2006 контурундагы 11,36 га таза жайыт, 2007 контурундагы 1,77 га таза жайыт, 2062 контурундагы 62,59 га таштуу жайыт, 2067 контурундагы 40,25 жайыт, 2068 контурундагы 9,63 га айдоо жайыт, 2069 контурундагы 2,22 га жайыт, 2070 контурундагы 226,83 га жайыт, 2093 контурундагы 54,07 га бадалдуу жайыт, 2096 контурундагы 24,74 га бадалдуу жайыт, 2098 контурундагы 45,33 га таштуу жайыт, 2099 контурундагы 1,29 га бадалдуу жайыт, 2100 контурундагы 14,40 га бадалдуу жайыт жерлери сугат айдоо жерлеринин категориясына которууга уруксат берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Эшовго тапшырылсын.
Тѳрага | С.Халилов |