Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма тогузунчу сессиясынын
ТОКТОМУ
28.06.2024 №32
Кара-Мык айылы
Кылым паркын уюштуруу жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин № 270 Жарлыгына ылайык Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн жүз жылдыгына арналган “Кылым паркын” түзүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин № 270 Жарлыгына ылайык Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн жүз жылдыгына арналган “Кылым паркын” түзүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул түзүлгөн паркты уюштуруу, ар түрдүү бак дарактардын көчөтүн тигүү жана айланасын тосуу, көрктөндүрүү жана тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана Жекенди айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Береке” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Аттокур уулу Мамбетке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Эшовго тапшырылсын.
Тѳрага | С.Халилов |