Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз биринчи сессиясынын
ТОКТОМУ
05.08.2024 №33
Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Ленин атындагы орто мектебине кирген көчөгө маркум Султанов Абайдилланын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылынын элине билим берүү тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн маркум Султанов Абайдилланын ысымын Ленин атындагы орто мектебине кирген көчөгө ыйгаруу боюнча Ленин атындагы орто мектебинин жана ушул көчөнүн тургундарынын 2024-жылдын 20.06.2024-жылдагы кайрылуусун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын19-августундагы № 467 - токтомун 8-пункутуна ылайык жана Жекенди айылдык кеңештин Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А.Амирбековдун сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык кеңештин Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А.Амирбековдун сунушу жактырылсын.
2. Кара-Мык айылындагы Ленин атындагы орто мектебине кирген көчөгө маркум Султанов Абайдилланын ысымы ыйгарылсын.
3.Чоң-Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлкө каттоо башкармалыгынан жана Чоң-Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
4.Көчөнүн аталышынын жазылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү көчөнү жарыктандырууну, тазалыгын, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинен камсыздоо маркум Султанов Абайдилланын балдарын милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ө. Абдрахмановага жүктөлсүн.
Тѳрага | С.Халилов |