Редакцияот 08.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Памир-Алай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы

 

2024-жылдын 8-апрели  №4

Бириккен айыл өкмөттөрүнүн сметасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 " Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомунун негизинде Памир-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:     

1.Сары-Таш, Талды-Суу, Сары-Могол айыл өкмөттөрүн бириктирүү жолу менен кайрадан Памир-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү түзүлгөндүгүнө байланыштуу жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 66537,8 миң сомго, анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 21010,9 миң сомго, өздүк киреше 45526,9 миң сом (анын ичинен атайын каражаттар 1019,0миң) сом болуп бекитилсин.

2.Памир-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата 2023-жылда пайдаланылбай калган 7631,5 миң сом, анын ичинен атайын каражаттар эсебиндеги 175,6 миң сом калдык акча каражатын 2024-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин жана жогорудагы акча каражатын Памир-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына киргизип берүү жагы Алай райондук Финансы башкармалыгынан суралсын.

3.Памир-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бириктирилген сметасында көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзам чегинде жумшоо жана пайдалануу жагы Памир-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Анарбаевге жана СЭБнүн башчысы Б.Усон уулуна милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана салык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Төрага

 Н.Койчуман уулу