Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз биринчи сессиясынын
ТОКТОМУ
05.08.2024 №34
Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянттарына түзүлгөн келишимдердин мөөнөтүн узартуу жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу айыл тургундарынын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен ижарага алган келишимдеринин мөөнөтүн узартып берүү жөнүндөгү 01.08.2024-жылдын 01-13/1 сандуу арыздарын канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7-13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.06.2007-жылдагы № 243 токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлерин ижара берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү Типтүү Жобонун 85- пунктуна ылайык ижара пайдалануучулардын “Транс-Кыргыз-Газ Пайплайн Компании Лимитед ” жоопкерчилиги чектелген компаниясынын Кыргыз Республикасындагы Филиалы менен түзүлгөн келишимдерди эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айылдык аймагындагына караштуу мамлекеттик фондунун жерлерин (КБФ) убактылуу пайдаланууга алып, пайдаланып келген жарандардын жерлери
Кыргыз-Кытай газ түтүгүнүн линиясына туура келип бирок компансация алуу үчүн ижири келишимдеринин мөөнөттөрү бүткөндүктөн ижара келишимдеринин мөөнөттөрун аукционго койбостон убактылуу пайдаланып келген жарандарга түз берүү жолу менен узартып берүүгө макулдук берилсин.
2.Жарандардын ижара келишимдерин түз берүү жолу менен узартып берүүгө жана жарандардын социалдык абалын жакшыртуу максатында Кыргыз-Кытай-Пайплайн Лимитед компаниясы тарабынан төлөнө турган компенсацияны жарандарга алып берүүгө жакындан көмөк көрсөтүү жагы Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер комиссиясынан жана Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы М.Шамыркановдон суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | С.Халилов |