Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз биринчи сессиясынын
ТОКТОМУ
05.08.2024 №35
Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагындагы ветеринардык кызматкерлерге УЗИ аппаратын алып берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылдык аймагындагы мал жандыктарынын оорууларын аныктоо максатында ветеринардык кызматкерлерге ветеринардык УЗИ алып берүү үчүн уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айыл өкмөтүндө ветеринардык кызматкерлерге ветеринардык УЗИ аппаратын алып берүүгө уруксат берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | С.Халилов |