Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз биринчи сессиясынын
ТОКТОМУ
05.08.2024 №36
Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагындагы таштанды таштоочу жайдын ПСД сын даярдоого уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылдык аймагындагы таштанды таштоочу жайдын тийиштүү документтерин даярдоо үчүн уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айылдык аймагындагы таштанды таштоочу жайдын ПСД сын даярдоого уруксат берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | С.Халилов |