Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги отузунчу сессиясынын
ТОКТОМУ
21.08.2024 №37
Кара-Мык айылы
Жекенди айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айындагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жекенди айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айындагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 15 091,2 миң сомго, бюджеттин чыгаша бөлүгү 15 302,3 миң сомго же 104,5 % аткарылгандыгы жактырылсын.
2.Жекенди айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айындагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылгандыгын бекитүү жана жактыруу менен бирге айыл өкмөттүн башчысы Б.Нышанбаевдин аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мурзапар уулу Назириллого, аткаруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана башкы бухгалтер Б.Акуновго жүктөлсүн.
Тѳрага | С.Халилов |