Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-апрели №10-2
Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жайыттарды башка максатта пайдалануу боюнча, Памир-Алай айыл өкмөтүнө ООО “НУР Телеком” ишканасынын гибридный контейнер орнотууга келишим түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Памир-Алай айыл аймагына караштуу Арча - Булак айылына узуну 2 метр туурасы 3 метр жалпы 6 м2 жерге гибридный контейнер орнотуу үчүн ООО “НУР Телеком” ишканасына макулдук берилсин.
2.ООО “НУР Телеком” ишканасы менен Памир-Алай айыл өкмөтү тарабынан келишим түзүлүп, жайытты башка максатта пайдалануу жөнүндөгү типтүү келишимдин жобосуна ылайык ар ай сайын 7000 (жети миң) сомдон аренда акы алуу бекитилсин.
3.Тиешелүү иш – аракеттерди жүргүзүү жана айылдык кеңешке бул жөнүндө маалымдап туруу жагы Айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, коммуникация,курулуш, жерге жайгаштыруу,электр тармагы,айыл чарбасы, жайлоо жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Н.Койчуман уулу |