Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-апрели №10-3
Памир-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесине караштуу Мал-Табар участкасынан Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын “Камсыз кылуу бажысы” мекемесине, “Эркештам” автомобилдик өткөрмө пункттунун бажы аймагын кеңейтүү үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Памир-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесине караштуу Мал-Табар участкасынан Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын “Камсыз кылуу бажысы” мекемесине, “Эркештам” автомобилдик өткөрмө пункттунун бажы аймагын кеңейтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-берененин 4-пунктунун жана 83-берененин негизинде жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө Памир-Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын “Камсыз кылуу бажысы” мекемесине, “Эркештам” автомобилдик өткөрмө пункттунун бажы аймагын кеңейтүү үчүн, Памир-Алай айыл аймагынын айыл окмоту мекемесине караштуу Мал-Табар участкасынан 0,30 га аянт жери бөлүнүп берилсин.
Токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн башчысы К.А.Анарбаевге тапшырылсын.
Төрага | Н.Койчуман уулу |