Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги отузунчу сессиясынын
ТОКТОМУ
21.08.2024 №39
Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагына караштуу Достук жана Ак-Чөп жаңы конуштарына айыл статусун алып берүү жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Достук жана Ак-Чөп жаңы конуштарына айыл макамын алып берүү жөнүндөгү Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин билдирүүсүнө ылайык конушуна айыл макамын берүү жөнүндөгү кайрылууларын канааттандыруу максатында айылдык Кенешке чейинки даярдалган баштапкы иш кагаздарын карап чыгып Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 65 Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу Мыйзамынын 12-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айылдык аймагына караштуу Достук жана Ак-Чөп жаңы конуштарына айыл макамын берүү жөнүндөгү конуштун жашоочуларынын кайрылуулары канааттандырылсын.
2.Жекенди айылдык аймагындагы Достук жана Ак-Чөп жаңы конуштарына айыл макамын алып берүү жагы Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынан сунушталсын.
3.Айыл макамын алуу боюнча мыйзамдуу иш кагаздарын даярдап тийиштүү болгон жогорку органдарга кыска мөөнөттө жеткирүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
4.Бул Токтомду КРнын ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы кенештин жоопту катчысына жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ө.Абдрахмановага жүктөлсүн.
Тѳрага | С.Халилов |